Римде футбол күйөрмандарынын ортосунда мушташ чыгып, 9 адам жаракат алды (видео)

Италияда жергиликтүү "Лацио" футбол клубунун 80дей күйөрманы Испаниянын "Реал Сосьедад" клубунун 70тей күйөрманына кол салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, окуя 22-январь кечки саат 23:00 чамасында Рим шаарында болгон. Полиция келгенде кол салгандар качып кетишкен. Окуя болгон жерден балка, бычак, чынжыр жана башка буюмдар табылган.

"9 киши жаракат алып, алтоо ооруканага жеткирилген. Үчөө бычакталган. Бирок алардын өмүрүнө коркунуч жок", - деп айтылат маалыматтарда.

Полиция кызматы кол салгандардын бир нечесинин аты-жөнүн тактаган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Беттеш кечээ, 23-январда болуп, 3:1 эсебинде жергиликтүү клубдун жеңиши менен аяктады.

24.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан