Жо Байдендин пенсиясынын суммасы белгилүү болду

АКШнын экс-президенти Жо Байден жылына 413 миң доллар пенсия алат. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, бул сумма Байденге укуктуу болгон эки өзүнчө федералдык пенсиялык программанын негизинде чегерилет. Биринен министрлердин айлык маянасы менен тең пенсия чыгат. Ал сумма 246 миң 400 долларды түзөт. Ошондой эле Конгресстин мүчөлөрүнө өзүнчө пенсия каралган. Байден бул тармакта Сенатта 36 жыл, вице-президент болуп 8 жыл иштеген. Конгресстин пенсиялык программасынан ага жылына 166 миң 600 доллар бөлүнөт.

Белгиленгендей, Американын президенттери кызматта турганда жылына 400 миң доллар маяна алышат. Ал эми Жо Байдендин болжолдуу таза байлыгы 9 миллион долларды түзө тургандыгы маалыматта кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан