Эртең, 25-январда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12 ... -17, күндүз +1 ... +6;
Талас жергесинде түнкүсүн -7 ... -12, күндүз +5 ... +10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4 ... -9, күндүз +4 ... +9;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -8 ... -13, күндүз -1 ... -6;
Нарын дубанында түнкүсүн -20 ... -25, күндүз -2 ... -7;
Бишкекте түнкүсүн -12 ... -14, күндүз +4 ... +6 градус болот.