Министрлер кабинети юридикалык жактын фирмалык аталышында колдонууга жол берилбеген диний мүнөздөгү сөздөрдүн тизмегин бекитти. Бул туурасында бүгүн, 24-январда президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
"Юридикалык жактын фирмалык аталышында колдонууга жол берилбеген диний мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин жана алардын аныктамаларынын тизмегин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин токтому кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.