Биз социалдык тармакта

Бишкек–Ош жана Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолдорундагы кар көчкүлөр атып түшүрүлөт 

Бишкек–Ош жана Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолдорундагы кар көчкүлөр атып түшүрүлөт. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек–Ош унаа жолунун 132, 133, 135-чакырымында жана Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолунун 198-чакырымында кар көчкүлөр артиллериялык эсепти колдонуу менен түшүрүлөт.

"Кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүүдө маал-маалы менен унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилип турат. Учурда атып түшүрүүгө тиешелүү министрликтердин кызматкерлери тарабынан даярдыктар көрүлүүдө", - деп билдирди министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан