Быйыл өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамы Жалал-Абадда өтөт

Быйыл 31-август өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо Жалал-Абад облусунда өткөрүү пландаштырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Жалал-Абадга болгон сапарында белгилүү болду.

МинКабдан кабарлашкандай, өкмөт башчы сапардын алкагында облусту өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Анын жүрүшүндө масштабдуу майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү маселелери талкууланып, программанын долбоору сунушталды.

Белгиленгендей, ушул жылы Жалал-Абадда Эгемендүүлүк күнүнө карата 30дан ашуун ишкана, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди ачуу пландалууда.

Касымалиев мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн майрамдоону жогорку деңгээлде өткөрүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда ата мекендик жана чет элдик инвесторлорго көмөк көрсөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан