Түштүк кореялык режиссёрлор тарткан “Кальмар оюну” ("Игра Кальмара") тасмасы учурда эң көп көрүлгөн сериалдардын катарын толуктады. Жакында анын экинчи бөлүгү жарыкка чыгып, дүйнө жүзү боюнча өзүнүн күйөрмандарын топтоп, популярдуулуктун туу чокусуна жетти. Кинонун биринчи бөлүгү 2021-жылы чыккан болсо, экинчи бөлүгү 2024-жылдын декабрь айында көрүүчүлөрүнө тартууланды.
Тасмада жалпысынан өлүм менен жашоонун ортосундагы күрөш көбүрөөк чагылдырылат. Биринчи сезонунда каржылык көйгөйлөрдөн улам коркунучтуу оюнга катышууга макул болгон адамдардын тобу тууралуу баяндалат. Адамдын өмүрү менен бааланган оюндун уюштуруучулары катышуучуларга өтө чоң суммада акча каражатын сунушташат. Бирок алар бул оюндун соңунда бирөө гана аман каларын, калган адамдардын баары өлө турганын эскертишпейт. Ошентип оюндун соңунда жүздөгөн адамдар каза болуп, бир гана оюнчу жеңишке жетет. Ал эми уюштуруучулар оюндун башталышында айткан сумманы жеңүүчүгө беришет. Тасманын биринчи бөлүгү мына ушундай окуя менен соңуна чыгат.
Ал эми экинчи бөлүгүндө окуя андан ары уланып, оюндан жеңип чыккан адамдын жашоосу баяндалат. Оюнга киргенге чейин акча анын жашоосунда эң барктуу болсо, оюндан жеңип чыккандан кийин акчанын баркы ал үчүн жоктой сезилет. Себеби колундагы акча канчалаган адамдардын каны менен келгенин түшүнөт. Тасманын экинчи бөлүгү чоң суммадагы акча менен адамдын өмүрүнүн ортосунда ойнолгон оюнду жок кылууну каалаган адамдар, ал оюндун уюштуруучулары жөнүндө баяндалат.
Кинонун экинчи бөлүгү талкуулардын жаңы толкунун жаратты десек болот. Ал гана эмес кыргыз көрүүчүлөрү тасмада ойнолгон оюндарды улуттук оюндарга да окшоштурушту. Мисалы, беш таш, чүкө, жашынмак, аркан тартыш сыяктуу оюндар тапшырма катары оюнчуларга берилген.
“Кальмар оюну” тасмасы тууралуу кызыктуу фактылар
Сюжеттин идеясы 13 жыл мурун пайда болгон
Тасманы жаратуучулардын айтымына караганда, сценарий 2009-жылы эле даяр болуп, кинонун идеясы ошол убакта жаралган. Ал учурда тасманын мынчалык ийгиликтүү болушуна эч ким ишенбегендиктен тартылбай калган. Корей режиссёрлору сюжетти "татаал жана адам өлүмү өтө эле көп" деп баалашып, аны тартууга батынышкан эмес. Бирок тасманын жаратуучусу Хван Донг Хюк өзүнүн оюнан кайтпастан, кинонун үстүнөн 13 жыл бою иштеген.
Тасмада кийилген кийимдер болуп көрбөгөндөй сатыла баштаган
Аталган тасмадан кийин оюнчулар кийип жүргөн ак түстөгү бут кийимдин сатылуусу 7800 пайызга өскөн. Бул бут кийимдер оюнчулар үчүн кокустан тандалган жок, анткени алар кийүүгө оңой жана өтө ыңгайлуу болгон. Муну менен катар жашыл түстөгү костюмдарга дагы суроо талап өскөн. Аталган кийимдерди чыгарган "Lyst" фирмасынын соодасы тасмадан кийин 97 пайызга жогорулаган.
Тасманын актёрлоруна ийгилик жылмайган
“Кальмар оюну” тасманын башкы каарманы Ли Жонг Джэ (Сон Ги Хун) тасма чыккандан кийин гана Инстаграм баракчасын ачкан. Анын баракчасына катталгандардын саны дээрлик үч жуманын ичинде 4 миллион адамга жеткен. Учурда анын 6 миллиондон ашык катталуучусу бар. Актёр тасма жаралганга чейин өз өлкөсүндө белгилүү болгон. Ал алгач чыгармачылык жолун моделдик бизнесте баштаган. Андан соң эң алгач "Динозавр мугалими" драмасында роль жараткан. Актёрго "Кальмар оюну" тасмасынан кийин болуп көрбөгөндөй ийгилик жылмайган.
Бул тасма актриса Хо Ен Чон (Канг Си Бюк) үчүн дагы ийгилик алып келген. Анын Инстаграм баракчасында кино чыкканга чейин 400 миңдей гана катталуучу болсо, тасма чыккандан кийин 21 миллионго жакын адам катталган.
Тасмадагы башкы каарман Сон Ги Хундун атасы карыя оюнчубу?
Тасмада башкы каарман апасы менен гана жашаган, ал эми анын атасы тууралуу сөз сериалда бир дагы жолу айтылган эмес. Кинонун көрүүчүлөрү биринчи бөлүктөгү №001 оюнчусу анын атасы болушу мүмкүн деп болжолдошот. Себеби аталган номердеги оюнчу картаң болчу жана Сон Ги Хундан "сен бала кезде көп ур-токмокко кабылгандырсың?" деп сурайт. Башкы каарман муну кайдан билет деп таң калып турса, ал жөн гана күлүп "менин уулум сага абдан окшош" деп жооп берет. Ошондой эле карыя эң акыркы оюнунда башкы каарманга акыркы тобун жөн гана берип коёт.