АКШнын Виржиния штатында глобалдык катастрофа болгон учурда жашынып алууга ылайыкташкан, дүйнөнүн эң бай адамдары үчүн элиталык бункер курулат. Бул туурасында Daily Mail басылмасы жазды.
Маалымдалгандай, ал бункердин сыйымдуулугу – 625 адамга ылайыкташкан.
“Курулуш SAFE компаниясы тарабынан пландалган. Бункердеги бир бөлмөнүн баасы 20 миллион долларды түзөт. Анын ичинде бассейндер, боулинг аянтчалары жана альпинизм аянтчасы пландалууда”, - деп айтылат маалыматта.