Комор аралдарынын президенти бийликти уулуна өткөрүп берүүгө ниеттенүүдө

Чыгыш Африкада жайгашкан Комор аралдарынын президенти Азали Ассумани 2029-жылы кызматтан кеткенде бийликти уулу Нур Эль Фатуга өткөрүп берүү ниетин билдирди. Бул тууралуу ТАСС агентиги жазды.

"Мен өзүмдүн ордума мамлекет жана партиянын башчысы катары уулумду дайындайм"- деген ал тарапташтарына.

Анын уулу өкмөттүк иштерди координациялоо үчүн жооптуу жана Министрлер кабинетинде кеңири ыйгарым укуктарга ээ.

Комор аралдарынын калкы болжол менен 800 миң адамды түзөт. Арал Франциядан эгемендүүлүктү 1975-жылы алган. Ассумани бийликке 1999-жылы төңкөрүш менен келген жана 2002-жылдан бери төрт жолу шайлоодо жеңип чыккан. Комор аралдары Инди океанында, Африканын чыгыш жээгине жакын жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан