Бишкекте жаран түндө коркутууга туш болуп, акчасын алдырткан. Милиция шектүүнү кармады

Бишкек шаарында каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалымдагандай, 28-ноябрда болжол менен кечки саат 22:00 чамасында Ала-Арча көчөсү менен Жибек Жолу кең көчөсүнүн кесилишинен белгисиз адам күч колдонуп, жабырлануучунун 250 миң сомдон ашык акчасын тартып алган. Коркутууга туш болгон адам ошол эле күнү милицияга кайрылган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары мурда соттолгон 35 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыш фактыларына тиешеси бар-жогу аныкталууда. Ошондой эле тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан