Сауд Арабиясы "Грэмми" сыйлыгынын ээси Циммер менен мамлекеттик гимнди жаңыртууну сүйлөшүүдө

Сауд Арабиясы "Оскар", "Алтын глобус" жана "Грэмми" сыйлыктарынын лауреаты, немис композитору Ханс Циммер менен улуттук гимндин жаңы музыкалык вариантын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Араб өлкөсүнүн көңүл ачуу боюнча башкы башкармалыгынын төрагасы Турки Аль аш-Шейх билдирди.

Ал композитор менен түшкөн сүрөтүн Х социалдык тармагына жарыялап, аны "заманыбыздын эң улуу музыканттарынын бири" деп атаган.

"Биз келечектеги долбоорлор тууралуу көп талкууладык жана алар жакында жарык көрөт деп үмүттөнөм. Алардын арасында Сауд Арабиянын улуттук гимнинин жаңы музыкалык версиясын түзүү да бар. анда ар кандай аспаптар колдонулат", - деп жазган ал.

Ошондой эле мамлекеттик кызматкердин айтымында, немис композитору жакында тартыла турган "Ярмук үчүн салгылашуу" тасмасынын саундтрегин жаратууга катышышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан