Садыр Жапаров Кыргызстандын Кытайдагы элчисине сөгүш берди

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаевага сөгүш берди. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, элчи мамлекет башчынын Кытайга иш сапарын даярдоодо одоно ката кетирген. Ал Кытай тарапка вербалдык нотаны санкциясыз жиберген. Ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын баарлашуу этикасын бузган.

Мусаева Кытайга элчи болуп 2022-жылдын сентябрь айында дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан