Нарын облусунда жалган ведомосттор менен 1,5 миллион сомду кымырып алган кызматкерлерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалыматка ылайык, Кочкор райондук Суу чарба башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдаланып, эмгек акы төлөө үчүн банктарга тапшырыла турган төлөмдүк ведомостторго жалган маалыматтарды киргизишип, 2023-2024-жылдар аралыгында жалпысынан 1 миллион 559 миң сом акча каражаттарды кымырып алышкандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү үчүн Нарын ОИИБинин тергөө башкармалыгына тапшырылды.