Кочкордо бала бакчанын имараты жана жери мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталды

Нарын облусунун Кочкор районунун бала бакчанын имараты жана жери мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн (азыркы учурда Ормон-Хан айыл өкмөтү) жана Кочкор райондук кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдаланып,аталган айыл аймакта жайгашкан бала бакчанын имаратын жана жер тилкесин жеке тараптын менчигине берип салышкандыгы аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Кочкор РИИБине тапшырылды.

Ошондой эле жеке тараптын бала бакчанын имаратына жана жер тилкесине карата болгон укук аныктоочу документин жана анын каттоосун жараксыз деп табуу жөнүндө сот органдарына доо арыз келтирилип, учурда каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан