Оштогу “Сити-Парк” турак жайынын курулушу мыйзамсыз жүргүзүлгөндүгү аныкталды  

Ош шаарындагы “Сити-Парк” турак жайынын курулушу мыйзамсыз жүргүзүлгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2003-жылы Ош шаарынын мэринин токтому менен А.И. аттуу жаранга 2733 чарчы метр, анын ичинен 913 чарчы метр жер тилкеси жеке менчикке, ал эми 1820 чарчы метр жер тилкеси 15 жылдык мөөнөткө пайдалануу үчүн ажыратылып берилген. Бирок 2014-жылы тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жер тилкесинин аянтын мыйзамсыз түрдө 3030 чарчы метрге чейин чоңойтуп, толугу менен жеке менчикке каттап жиберишкен.

Мындан тышкары Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы жана Мамлекеттик долбоорлоо институтунун кызматкерлери кызыл сызыктын чегин бузуу менен 12 кабаттуу турак үйдүн курулушуна мыйзамсыз уруксат беришкен. Курулуш толук бүтпөгөндүгүнө, долбоорго дал келбегендигине жана өрткө каршы эрежелер сакталбаган учурларга карабастан, объектти пайдаланууга киргизүү тууралуу мыйзамсыз акт түзүлгөн.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, Ош ШИИБине өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан