"Сөз жок, азамат!" Садыр Жапаров Ташкенттеги лыжа базага суктанып, Мирзиёевди алкады

Өлкө башчы Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Өзбекстандагы лыжа базада жолугушту. Бул тууралуу ал бугүн, 26-январда Фейсбуктагы баракчасына бөлүштү.

Мамлекет башчысы Ташкенттин четиндеги “Амирсой” лыжа базасын көрүп, суктанганын жашырган эмес.

"Кесиптешим Шавкат Мирзиёев жоктон бар кылып, ушул жогорку деңгээлдеги базаны куруптур. Сөз жок. Азамат! Канчалаган кишилер жумуш менен камсыз болушкан. Миллиондогон туристтер эс алып жүрүшөт. Тейлөө кызматы Европаныкынан кем калбайт", - деп жазды Жапаров.

Ошондой эле ал Кыргызстанда туризмге көңүл бурулбай калганына кейиген.

"Биздин мамлекетибиздин аянтынын 94 пайызын тоолор ээлейт. Негизинен алганда жети дубаныбызда тең ушундай лыжа курорттору болушу керек эле. Бирок бизде жокко эсе. Эмне үчүн дегенде, көз карандысыздык алган күндөн баштап, жөнөкөй калктан президенттерге чейин бир гана саясат менен шугулданып жүрө бергенбиз. “Күндө митинг, күндө той” болот эле бизде. Экономика, туризм дегендерге көңүл бурулбай калган", - деди президент Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан