Кара-Балтада 18 жаштагы жигит алдамчылыкка шектелип кармалды

Жайыл районунда жасалма төлөм чектерин колдонуп, алдамчылык кылууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 25-январда Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-декабрда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө район тургуну арыз менен кайрылган. Ал 12-декабрдан 22-декабрга чейин белгисиз адамдар Кара-Балта шаарында жайгашкан "Пиццбур" кафесинен тамак-аш жеткирүүгө буюртма берип, Мбанк мобилдик тиркемесинин жасалма төлөм чектери менен бир нече жолу тамак-аш алышып, натыйжада жалпы суммасы 44 миң 835 сом зыян келтирилгенин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2006-жылы туулган Э.Э. аттуу шектүү кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги текшерүүгө алынып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан