Грузияда өкмөткө каршы нааразычылык акциялары уланууда

Грузиянын Тбилиси шаарында жаңы шайлоо өткөрүү жана митингдерде кармалган адамдарды бошотуу талабы менен өкмөткө каршы нааразылык акциялары өтүүдө. Бул тууралуу "РИА Новости" басылмасы жазды.

Маалым болгондой, митинг грузин парламентинин имаратынын жанында өтүп, акцияга чыккандар кайра парламенттик шайлоо өткөрүү жана бийликке каршы чыгып, камалган адамдарды бошотууну талап кылышууда.

Укук коргоо органдары шаардын борборундагы Руставели проспектисинде унаа кыймылын жаап салган.

"Грузиядагы тынымсыз нааразылык акцияларына 60 күн болду. Тбилисидеги акцияга жүздөгөн адам катышып, күнү бою борбордук көчөлөрдө жүрүштөр өттү", - деп жазылды басылмада.

Белгилей кетсек, Грузияда тынымсыз нааразылык акциялары премьер-министр Ираклий Кобахидзе 2024-жылдын 28-ноябрында өлкөнүн Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо маселесин кароону 2028-жылга чейин токтотуу чечимин жарыялагандан кийин башталган. Анын жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери жүздөн ашык адамды кармашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан