Камерундун 91 жаштагы президенти Поль Бийя 2025-жылдын октябрына белгиленген президенттик шайлоого талапкерлигин расмий түрдө жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Поль Бийя 1982-жылдан бери бийликте отурат. Ал дүйнөдөгү эң узак эл башкарган лидерлердин катарын толуктаган. Эгер ал кайра шайлана турган болсо, 2032-жылы боло турган шайлоодо 98 жашка чыгат.
Камерундун конституциясына ылайык, президенттикке талапкерлер үчүн жаш курак чектелген эмес. Учурда Поль Бийядан башка дагы 10 талапкер шайлоого катышуу ниетин билдирген.