Токмокто селсаяктар баш калкалаган жайда бир адам бычакталып, шектүү кармалды

Токмокто адам өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен 43 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-январда милицияга аймактык ооруканадан 43 жаштагы Х.Я. аттуу жаран бычактан алган жаракатынан улам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 43 жаштагы И.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө шектүү менен жабырлануучу ал күнү шаардагы селсаяктар үчүн баш калкалоочу жайда болушканы, алардын ортосунда чыр чыгып, андан улам шектүү мас абалында бычак менен жабырлануучуну көкүрөк жана ичке сайып, качып кеткени белгилүү болгон.

Учурда бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан