
Өлкө аймагында акыркы суткада 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
"Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы орун алды", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми Куткаруу кызматтары тарабынан чыгуу болгон эмес.