Кыргызстандын аймагына мекендештерин мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип 3 пакистандык кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү делип кармалган 33, 29 жана 40 жаштагы пакистандыктар Свердлов райондук сотунун чечими менен камакка алынган.
Тергөөдө алар 2000 долларга мекендештерине жасалма виза жасап беришкени аныкталаган. Ошондой эле шектүүлөр мекендештеринин эмгек акыларын дагы өздөрүнө алып турушканы такталган.
Мындан тышкары милиция визасынын мөөнөтү өтүп кеткен Пакистандын 12 жана Непалдын 1 жаранын аныктап, аларга 71 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салган.
Учурда аталган кылмыштар боюнча тергөө иштери уланууда.