Жумгалда хоккей боюнча мелдеш өттү

Нарын облусунун Миң-Куш айылында хоккей боюнча Жумгал районунун XIII республикалык ачык кубогу өттү. 25-26-январда өткөн мелдешке 7 команда катышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Иш-чарага президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Нарын облустук хоккей федерациясынын президенти Алтынбек Эргешов, Жумгал хоккей федерациясынын президенти Урматбек Мамырканов, жергиликтүү тургундар күбө болушту.
Анда Алтынбек Эргешов ушул жылдын февраль айында облус жетекчисинин хоккей боюнча кубогу өткөрүлөрүн маалымдады.
Оюндун жыйынтыгында дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды:
1-орун "Нарын шумкарлары" (Нарын шаары) командасына кубок жана 70 миң сом;
2-орун - "Жумгал-Шортон" (Чаек айылы) командасына 45 миң сом;
3-орун - "Миң-Куш" (Миң-Куш айылы) командасына 30 миң сом;
4-орун "Байзак баатыр" (Байзак айылы) командасына 20 миң сом.
Мындан сырткары "Мыкты дарбазачы", "Мыкты коргоочу", "Мыкты оюнчу", "Мыкты чабуулчу", "Мыкты калыс", "Мыкты бомбардир" номинациялары боюнча диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан