Жалал-Абад шаарында ишкерлерден акча талап кылган деген шек менен Жазира Осмонова аттуу блогер кармалды. Бул тууралуу Улуттук кооопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат ал өзүн ишкерлерге журналисттик иликтөөлөрдү чагылдырган блогер катары тааныштырып, опузалап акча талап кылгандыгын аныктаган.
"Шектүү Сузак районундагы базарлардын биринин ижарачыларын ижара акысын мыйзамсыз жыйнаган деп айыптап, аларды журналисттик иликтөө жүргүзүү менен коркуткан. Андан кийин интернет тармактарга материалдарды жарыялоо жолу менен жабырлануучудан бир нече жолу ири суммадагы акча каражаттарын алган", - деп айтылат маалыматта.
УКМК шектүү буга чейин да ушундай факты менен кармалган Айка Мусаева аттуу блогер менен жакын байланышта болгонун белгиледи.
Белгилей кетсек, атайын кызмат 18-январда Айка Мусаева ишкерлерди коркутуп, акча талап кылган деп шек саналып кармалганын маалымдаган.