Соцфонддун кызматкери коррупциялык ишке шектелүүдө

Социалдык фонддун айрым кызмат адамдары тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, алар бир жолу төлөнчү акчалай компенсацияны өздөрүнө чыгарып алууну көздөшкөн. Бул үчүн "Чернобыль союзунун ардагерлери жана майыптары" коомдук бирикмесиндеги пенсионерлердин архивдик маалымкаттарын жасалмалашкан.

Топтолгон далилдердин негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, Социалдык фонддун Аудит башкармалыгынын башкы аудитору кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Атайын кызмат учурда бул коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан