Бишкекте таанышын 50 миң долларга алдап кеткен шектүү кармалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.

Маалымдагандай, милицияга бир жаран арыз менен кайрылып, чала таанышына акча алмаштыруу максатында 50 миң доллар бергенин, бирок ал из жашырып кеткенин айткан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 37 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан