Бишкек шаарынын чет жакасындагы мушташ боюнча "Тез татым" тамактануучу жайды иштеткен ишкер үн катты.
Анын айтымында, мушташ Байтик айылына бара жаткан жолдогу шаурма саткан жерде орун алган.
"Биз ал жерде шаурма жасап иштетебиз. Туура түшүнүү керек, биз ал жерде тамак жасайбыз. Биз иштеткен имараттын артына барып, ачык жерде эле эки эркек киши менен эки аял заара ушатышкан. Даараткана бир аз ары жакта жайгашкан. Ошол учурда аларга бул кылган нерсеси туура эместигин айтып түшүндүрдүк. Катуу айткан жокпуз. Алар мас абалда болгондуктан, бизди сөгүп, кол сала баштады. Анан пикир келишпестик орун алып, мушташка айланды", - деп түшүндүрдү ишкер.
Ал азыр коомдук тартипти бузгандарга чара көрүү максатында укук коргоо органдарына арыз менен кайрылууну ойлоп жаткандыгын кошумчалап, жабыркагандар болбогондугун билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн, 27-январда эртең менен тез тамактануучу жайда топ жигиттер мушташкан видео социалдык баракчаларга тараган. Алардын кезек талашканы айтылган болчу.