"Манас" эл аралык аэропорту ачык акционердик коому аталышын өзгөрттү

"Манас" эл аралык аэропорту ААК бүгүн, 27-январдан баштап "Кыргызстан аэропорттору" ААК деп расмий түрдө өзгөрдү. Бул туууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди

Маалымдалгандай, бул аталыш ачык акционердик коомго гана тиешелүү, ал эми өлкөнүн борборундагы башкы аба майданы "Манас" эл аралык аэропорту деп аталып кала берет.

"Мындай өзгөртүү өлкөнүн бардык аэропортторун бир бренддин алдына бириктирүү, өнүктүрүү боюнча мекемебиздин стратегиялык багытын чагылдырат", - деп айтылат маалыматта

Эске салсак, былтыр декабрь айында "Манас" эл аралык аэропорту ачык акционердик коому аталышын өзгөртүүнү көздөп жатканын маалымдаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан