Кара-Сууда уурулукка шектелип 18 жаштагы 3 жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-январда милицияга 31 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал Кара-Суу шаарындагы "Оомат" базарында соода кылып жатып, намаз окуганы чыгып кеткенде сатыкка коюлган 80 миң сомдук 1 даана iPhone 14 Pro Max, 1 даана 70 миң сомдук iPhone 14 Pro жана 60 миң сомдук iPhone 14 Pro үлгүсүндөгү телефондорун уурдатканын айткан. Натыйжада жабырлануучу 210 миң сом зыян тарткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары Чүй облусунун, Бишкек шаарынын жана Жалал-Абад облусунун 18 жаштагы тургундары кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда шектүүлөрдүн мындан башка дагы кылмыштуу иштерге тиешеси бар-жогу аныкталууда.