Бүгүн, 27-январь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында демөөрчүлөр тарабынан алынып, шаар балансына өткөрүлүп берилген жаңы атайын техникалар муниципалдык аймактык башкармалыктарга бөлүнүп берилди.
Маалымдалгандай, МАБтарга 9 лабо тапшырылды. Мындан тышкары көрктөндүрүү комбинатына 1 портер берилди.
Иш-чарага катышкан калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев жергиликтүү бюджет бекитилген соң чарбалык тейлөө үчүн дагы кошумча жаңы техникалар алынарын билдирди.