Башкы прокуратура Кочкордо иштеген мамлекеттик кызматкерге кылмыш ишин козгоду

Нарын облусунун Кочкор райондук Суу чарба башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Маалыматка ылайык, мекеменин жооптуу кызматкерлери эмгек акы төлөө үчүн банктарга тапшырыла турган төлөмдүк ведомостторго жалган маалыматтарды киргизишип, 2023-2024-жылдар аралыгында жалпысынан 1 миллион 559 миң 221 сом кымырып алышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен иш козголуп, тергөө жүргүзүү үчүн Нарын облустук милициясына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан