Кант шаарындагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалымдалгандай, 1998-жылы 1,07 гектар аянтты ээлеген бала бакча, анын ичинен 14 сотых имараттын астындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен менчиктештирилип кеткени атайын кызмат тарабынан аныкталган. УКМК мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетишсиздигин эске алып, объект бала бакча катары өз ишин улантуусу үчүн Кант шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берген.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлкттөрдү кайтаруу иштери улантылып жатканын кошумчалады.