Израил БУУга Чыгыш Иерусалимдеги палестиналыктарга жардам берүүгө тыюу салды

БУУнун Жакынкы Чыгыштагы качкындарга жардам көрсөтүү агенттиги (UNRWA) Израил бийлиги 30-январга чейин имараттарын бошотууга жана басып алынган Чыгыш Иерусалимдеги ишмердүүлүгүн токтотууга буйрук бергенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Былтыр октябрда Израилдин парламенти өлкөдө UNRWA’нын ишмердүүлүгүнө жана Израилдин өкмөтүнө белгилүү бир учурлардан тышкары убактарда агенттик менен байланышууга тыюу салган мыйзам кабыл алган.

Эл аралык коомчулук, анын ичинде БУУ Чыгыш Иерусалим, Батыш жээк жана Газаны Палестинанын оккупацияланган жерлери деп тааныйт. Бирок Израилдин өкмөтү Иерусалимдин баарын өз аймагынын бир бөлүгү деп эсептейт. Нетаньяхунун өкмөтүн бул маселеде АКШ жана өзгөчө 2019-жылы Америка элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүргөн президент Дональд Трамп колдойт.

UNRWA Иерусалимди таштап кетүү талабы Израилдин БУУ мүчөсү катары эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин белгиледи.

"БУУнун имараттары кол тийгис жана БУУнун уставына ылайык артыкчылыктар менен иммунитеттерге ээ. Израил аларды урматтоого милдеттүү", - деп билдирди агенттик,

UNRWA’нын Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындар менен иштеген 30 миңдей кызматкери бар.

UNRWA’га тыюу салган мыйзамдын авторлору агенттиктин айрым кызматкерлеринин ХАМАС менен байланышы бар деп ырасташууда. БУУнун ички иликтөөсү Израилдин дооматтарын четке какты. Тель-Авив БУУнун дипломаттарынын ХАМАС менен байланышы тууралуу эч кандай далил келтире элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан