Израилдик аскерлер Ливандын түштүгүндө 22 кишини өлтүрүштү

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин аскерлери өлкөнүн түштүгүндө кечээ, 26-январда 22 кишини өлтүргөнүн билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, израилдик аскерлер 26-январда келишимдин мөөнөтү аяктаганда Ливандын түштүгүндө үйлөрүнө кайтууга аракет кылган жайкын тургундарга ок чыгарган. Дагы 124 киши жарадар болгон. Өлгөндөрдүн арасында Ливан армиясынын бир жоокери бар.

АКШ президентинин администрациясы 26-январда Израил менен Ливандын ортосундагы ок атышпоо келишими 18-февралга чейин узартыларын жарыялады. Билдирүүдө белгиленгендей, Ливандын, Израилдин жана АКШнын бийликтери "2023-жылдын 7-октябрынан кийин туткунга алынган ливандык туткундарды кайтаруу боюнча" сүйлөшүүлөрдү баштоону пландап жатышат.

2024-жылдын ноябрынын аягында жетишилген ок атышууну токтотуу келишимине ылайык, Израил 26-январга чейин Ливандын түштүгүнөн аскерлерин чыгарып кетмек. Бул мөөнөт бүтөрүнө эки күн калганда, 24-январда Израилдин бийлиги АКШдан аскерлерин Ливандын түштүгүнөн чыгарып кетүүнү 30 күнгө кечиктирүүнү суранган.

Ливандагы "Хезболла" тобу менен Израилдин ортосундагы кагылышуу 2023-жылдын 7-октябрында Израил Газа тилкесине басып киргендеги согушка параллелдүү уланууда. "Хезболла" 2023-жылдын 8-октябрында ХАМАСка тилектешик кылып, Израилди аткылай баштаган жана Израилдин күчтөрү ага жооп иретинде ливандык топ менен байланышы бар буталарга сокку урган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан