Кыргызстан бир катар мамлекеттер менен дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин өлкө аймагына кирүү, жүрүү, чыгуу жана транзит менен өтүү үчүн визалык талаптардан бошотууну көздөөдө. Тиешелүү мыйзам долбоорлорун бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети үч окууда жактырды.
"Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө" макулдашууга Министрлер кабинети менен төмөндөгү өлкөлөрдүн өкмөттөрү 2024-жылдын 23-27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол койгон.
Алар:
- Албания;
- Черногория;
- Кипр;
- Венесуэла;
- Таиланд.