Садыр Жапаров Александр Лукашенкону куттуктады 

Бүгүн, 27-январда өлкө башчы Садыр Жапаров Беларустун президенти Александр Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымтка ылайык, Жапаров Лукашенкону Беларустун президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктап, белорус эли өзүнүн лидерине көрсөткөн ишениминин жана колдоосунун жогорку деңгээлин белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы көп жылдык достук жана өнөктөштүк мындан ары да эки элдин жыргалчылыгы үчүн бекемделээрине ишенимин билдирди. Өз кезегинде Лукашенко Жапаровго куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан