Владимир Зеленский Трамптын согушту токтотуу аракетине комментарий берди

Украинанын президенти Владимир Зеленский басылмалардын бирине маек берип жатып, АКШнын президенти Дональд Трамптын орус-украин согушун токтотуу аракетине комментарий берди.

Зеленскийдин айтымына караганда, согушту токтотуу тез арада чечилүүчү иш эмес, бирок ага карабастан АКШ согушка өз таасирин бере алат.

"Ал эскертүү бере элек, жөн гана согушту токтотууну каалап жатканын айтып жатат. Бирок азырынча бул кандайча ишке ашат биле элекпиз. Менин оюмча, президент Трамп өзү дагы майда-чүдөсүнө чейин аныктай элек.

Мен ага айткан элем, Путин согуштун бүтүшүн каалабайт, ошондуктан бул тез эле чечилип калбайт. Бирок Трамп АКШнын күчү менен, санкциялар, экономика жана башкалардын аркасында муну тездете алат. Менин оюмча, анын башкаларга караганда мүмкүнчүлүгү көп. Американын дүйнөлүк экономикага тийгизген таасири, армиясы жагынан ал башкаларга караганда тезирээк таасир бере алат. Кытайда дагы мүмкүнчүлүк бар, бирок АКШда көбүрөөк", - деген Зеленский.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан