Бүгүн, 28-январда Бишкектеги зоопарктан өрт чыгып, жети жаныбар өлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Октябрь районундагы реабилитациялык зоопарктан чыккан өрт саат 08:50дө толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен зоопарктагы контейнерден салынган, ичи жыгач менен капталган 10 чарчы метр жасалгасы күйүп кеткен. Ал эми кырсыктан улам, 6 маймыл жана 1 кеңгуру өлгөн.
Учурда өрттүн себептери такталууда.