Токмок шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген ден соолукту чыңдоо борбору мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, мүлк 1995-жылы 1,05 гектар жер тилкеси менен мыйзамсыз менчикке чыгып кеткен. Аталган борборду менчикке чыгарууда Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашылбаганы аныкталган. Ошондой эле УКМК ошол кездеги өкмөттүн токтому боюнча объектти толугу менен менчиктештирүүгө болмок эместигин, башкача айтканда, акциялардын 59 пайызы мамлекетке тиешелүү болушу керектигин белгиледи.
"Бирок Е.У. аттуу жаран жетекчи болуп туруп, жасалма келишим түзүп, аталган мекемени уулуна жеке менчикке өткөрүп берген. Натыйжада мамлекетке ден соолукту чыңдоо борборунан тиешелүү акцияларынын пакети берилген эмес. Мамлекет пайдадан жана борбордун аймагынын бир бөлүгүн ээликтен ажыратуудан дивиденддерди алган эмес", - деп айтылат маалыматта.
УКМК аталган борбор өз багыты боюнча пайдаланылуусу үчүн Токмок шаарынын мэриясынын муниципалитетинин балансына өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.