Орусиялык рэп аткаруучу Моргенштернге издөө жарыяланды 

Орусиялык белгилүү рэп аткаруучу Моргенштернге (Алишер Валеев) издөө жарыяланды. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.

Андагы маалыматка караганда, рэп ырчысынын бардык мүлкү камакка алынып, кылмыш иши козголгон. Ага "Орусиянын чет өлкөлүк агенттер жөнүндө мыйзамдарында каралган милдеттерди аткаруудан качуу" беренесинин негизинде иш козголгон.

Ал эми анын жактоочусу Сергей Жорин бул маалыматты ырастаган да, четке каккан дагы эмес. Тергөө органдарынын Моргенштернге издөө жарыялоосуна негиз жоктугун билдирген.

"Алишер учурда дарыланып жатат. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган эле", - деп жазган жактоочу.

Белгилей кетсек, буга чейин ырчыга "чет элдик агенттин" милдеттерин аткаруудан баш тартып жатканы үчүн айып тагылган.

Ал узак убакыт бою Телеграм жана Ютуб каналдарында чет элдик агенттиктердин материалдарын белгилерсиз жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан