Бишкекте унаа уурдап качкан жигит жол кырсыгына кабылды (видео)

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда токтоп турган унааны айдап качкан деген шек менен 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-январда милицияга Д.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү эртең менен Toyota Camry үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адам айдап качып кеткенин айткан. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автотранспорт каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү саат 05:00 чамасында аталган унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталганы белгилүү болгон. Анда айдоочу мас абалда болгону аныкталган, бирок ал окуя болгон жерден качып кеткен. Иликтөө жана издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 23 жаштагы А.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

28.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан