Швециялык журналист жана комментатор Питер Имануэлсен Европадагы аялдарга төрөгөндүгү үчүн ири салык жеңилдиктерин берүү керектигин билдирди. Ал эми америкалык миллиардер Илон Маск мындай сунушту колдой турганын X социалдык тармактагы баракчысына жазды.
"Муну жасап көрүү керек. Бир нерсе кылуу керек, антпесе Европа менен Азия (бул жердин көп бөлүгү) жок болуу коркунучунда", - деп жазган Маск.
Буга чейин ишкер адамдар балалуу болууну азайтса, адамзат бул дүйнөдөн жок болуу коркунучунда экенин айтып, төрөттүн аздыгы Германия менен Европада эң көп байкалып жатканын айткан.