Бишкек шаарында тоногоо шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-январда милицияга аял киши арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 20:00 чамасында Щербаков жана Тыныстанов көчөлөрдүн кесилишинде белгисиз адамдар күч колдонуп, башына бир нече жолу чаап, 30 миң сомдук алтын сөйкөлөрүн жана капчыгын, ичиндеги 6 миң сомун тартып алышканын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 28 жаштагы М.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар-жогу аныкталууда.