Бишкекте көчөдөн 17 жаштагы кызды чапкан делип 28 жаштагы жигит кармалды

Бишкек шаарында 17 жаштагы кызды чапкан деп шек саналып 26 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Свердлов райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга И.М. аттуу аял киши кайрылып, 24-январда болжол менен саат 23:30 чамасында конуштардын бириндеги көчөдөн белгисиз адам эч себепсиз эле 2007-жылы туулган жашы жете элек кызынын моюнуна курч нерсе менен чаап кеткенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1998-жылы туулган С.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан