Өлкөдө сасык тумоо менен ооругандардын саны азайганы байкалууда 

Өлкөдө сасык тумоо оорусун жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды жуктургандардын саны азаюуда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, акыркы жумада курч респиратордук вирустук инфекциялардын 11 миң 441 учуру жана сасык тумоонун 53 учуру катталган. Бул андан мурунку жумага салыштырмалуу 2,6 пайызга аз. Ал эми ооругандардын 5 пайызы гана бейтапканага жаткырылган.
"Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, өткөн жылдын октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын таралуусу байкалууда. Анын ичинде эң көп таралганы респиратордук синтициалдык вирус – 29,9 пайыз, риновирус – 25,2 пайыз, аденовирус – 13,2 пайыз, I-IV парагрипп – 12,1 пайыз, башка вирустук инфекциялар 19,6 пайызды түздү", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан