Айсулуу Тыныбекова Азиянын эң мыкты балбаны болду

Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова 2024-жылы Азиядагы эң мыкты балбан кыз болду. Мындай жыйынтыкты UWW Asia чыгарды.

23-январда Азия күрөш уюмунун аткаруу комитетинин жыйыны өтүп, 2024-жылдагы мыктылар аныкталган. Анда кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова 2024-жылы Азиядагы мыкты балбан кыз наамына татыган.

Ошондой эле 2024-жылы грек-рим күрөшү боюнча мыкты балбан наамы япониялык Нао Кусакага ыйгарылса, эркин күрөш боюнча Бахрейндин атынан чыккан Ахмед Тажудинов мыкты болгон.

Белгилей өтсөк, Тыныбекова былтыр Париж шаарында өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында коло байгени багындырган. Ал ошондой эле Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан