Бишкек шаарында унааны айдап качкан деген шек менен 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү 26-январда таңкы саат 04:45 чамасында Алтымышев көчөсүндө токтоп турган кара түстөгү КИА К5 үлгүсүндөгү унааны айдап качкан. Андан соң ал Новопавловка айылында тосмону сүзүп алып, окуя болгон жерден качып кеткен. Унаанын ээси милицияга арыз менен кайрылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автотранспорт каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 28 жаштагы жаран кармалып, Ленин райондук сотунун чечими менен 13-февралга чейин камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Буга чейин Ленин РИИБден Ак-Ордо конушунда токтоп турган Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны айдай качкан жигит жол кырсыгына кабылганын билдирген.