Кыргызстан менен Малайзиянын соода-инвестиция кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Малайзиянын соода-инвестициялык кызматташтыгынын жаңы горизонттору талкууланды. Бул туурасында ТИМдин маалыматында айтылат.

Ага ылайык, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев Малайзиянын Пенанг штатына таанышуу сапары менен барган.

Анын алкагында Анарбаев Пенанг штатынын өкмөт башчысы, башкы министри Чоу Кон Йео менен жолугушту. Мындан тышкары, Джорджтаун шаарынын мэри Р.Энтони, штаттын курулуш жана айлана-чөйрө боюнча аткаруу кеңешинин мүчөсү (министри) С.Сому, «Пенанг» терең суу портунун башкы директору С.Васудеван, Малайзиянын Пенанг штатындагы Эл аралык соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Б.Тан жана штаттын ишкерлер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Анда Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү, туризм, маданият, маалыматтык технологиялар, соода, инвестицияларды тартуу, эркин экономикалык аймактардын иштеши жана башка маселелер талкууланды.

Мындан тышкары эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселелери, анын ичинде туруктуу соода-логистикалык маршруттарды түзүү жана колдоо маселелери каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан