Индияда бамбук сахна урап түшүп, 6 адам каза болду 

Индиянын Уттар-Прадеш штатында уюштурулган диний майрамда убактылуу курулган бамбуктан жасалган сахна урап түшүп, 6 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, дагы 50гө жакын адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Кырсык учурунда 100гө жакын адам сахнада болгон, ага убактылуу курулган сахна туруштук бере албай урап түшкөн. Кырсыктан жабыркагандардын арасында полиция кызматкерлери дагы бар экени айтылды.

Учурда Уттар-Прадештин башкы министри Йоги Адитьонат кырсык боюнча иликтөө жүргүзүүгө буйрук берип, тыкыр көзөмөлгө алган. Ал эми жабыркагандар жергиликтүү медициналык мекемелерге жеткирилип, айрымдарына жеринде биринчи жардам көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан