Кыргыз-Орус Славян университетинин кампусун куруу пландалууда 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашырууну талкуулашты.

Үстүбүздөгү жылдын жаз айына белгиленген соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына даярдык көрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар ошондой эле 2025-жылга карата пландарды талкуулашты жана андан пайда болгон маселелерди тез арада чечүү үчүн бардык деңгээлдеги байланыштарды активдештирүү боюнча макулдашты.

Ошондой эле Амангелдиев менен Вакунов эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде билим берүү тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, атап айтканда, билим берүү мекемелерин жана Кыргыз-Орус Славян университетинин кампусун куруу маселелерин талкуулашты.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан